Үч миллиондой билдирүү! "Өлбөс полк — онлайн" жүрүшүнө кабыл алуу аяктады

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПодготовка к участию в акции "Бессмертный полк онлайн"
Подготовка к участию в акции Бессмертный полк онлайн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернеттеги жүрүшкө катышуу үчүн эң көп билдирүү Одноклассники жана ВКонтакте социалдык түйүндөрү аркылуу келген. Ар бир соцтармак миллионго чукул катышуучуну тарта алган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россияда "Өлбөс полк — онлайн" жүрүшүнө билдирүүлөрдү кабыл алуу аяктады. Жалпысынан 2 837 681 анкета келип түшкөнүн уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, эң көп Одноклассники жана ВКонтакте социалдык түйүндөрүнөн активдүү катышышкан. Ар биринен миллионго жакын адам кошулган. Ал эми "Өлбөс полк — онлайн" сайтынан 580 миң анкета толтурулса, Сбербанктан 200 миңге чукул билдирүү келген.

LIVE_СПУТНИК: Владимир Путин принимает парад Президентского полка в День Победы  - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путин Президенттик полктун парадына катышты. Видео
Арыздардын бардыгы модераторлорго берилди. Ардагерлер жөнүндөгү маалыматтар бекитилгенден кийин онлайн-жүрүштө көрсөтүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, акция 18 күнгө созулат. Аны "Россиянын Өлбөс полку" polkrf.ru, "Эл аралык Өлбөс полк" polk.press сайтынан жана "Окко" онлайн-кинотеатрынан көрүүгө болот. Бул ресурстардан видеону артка түрдүрүп көрүүгө да болот. "Өлбөс полк — онлайн" жүрүшүндө ардагерим качан чыгат деп күткөндөр көп, бул үчүн долбоордун бардык катышуучуларына электрондук каттар жөнөтүлөт.

9-майдан тарта жүрүштүн түз эфири бир катар каналдарда толугу менен же кээ бир кадрлары көрсөтүлүп баштады.

"Өлбөс полк — онлайн" долбоорунун уюштуруучусу — "Россиянын Өлбөс полку" коомдук бирикмеси. Өнөктөштөр: "Сбербанк" банкы, Mail.ru Group. Маалыматтык өнөктөштөр: "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги, ТАСС маалымат агенттиги, Sputnik эл аралык маалымат агенттиги, "Аргументы и факты" басылмасы, Мегафон жана Tele2 уюлдук операторлору, "Okko", Море.тв, Ivi.ru онлайн-кинотеатрлары, СТС, "Победа" телеканалдары.

Жаңылыктар түрмөгү
0