Москвада 12-майдан тарта курулуш менен өнөр жай тармагы жанданмай болду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЗаводдун ишкери жумуш учурунда. Архив
Заводдун ишкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай тармагынын ишин жандантуу боюнча чечимди Собянин өлкө башчынын жетекчилиги алдында өткөн онлайн-жыйында айтып, президент менен акылдашты.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин 12-майдан тарта шаарда курулуш жана өнөр жай ишканаларынын ишин жандантуу боюнча чечимин колдоду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, өнөр жай тармагынын ишин жандантуу боюнча чечимди Собянин өлкө башчынын жетекчилиги алдында өткөн онлайн-жыйында айтып, президент менен акылдашты.

"Биз бул маселени кечээ сиз менен талкуулаганбыз. Азыркы айтылгандардын бардыгын колдойм жана туура деп эсептейм. Бир катар ишканалардын, анын ичинде биринчи кезекте өнөр жай жана курулуш тармагынын ишин жандантуу керек. Бул маселени башкы санитардык дарыгер менен сүйлөшүп, анан баштаган оң", — деди Путин.

Эске салсак, Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 165 миңге жетип, анын 21 миңи айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0