Путин коронавирус жуктурган Мишустиндин абалы тууралуу айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президент РФ Владимир Путин Михаилом Мишустин менен онлайн сүйлөшүп жаткан учурда. Архив
Россиянын президент РФ Владимир Путин Михаилом Мишустин менен онлайн сүйлөшүп жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мишустин өткөн жумада коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ушу тапта анын кесиптештери менен байланышта болуп иштеп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус жуктурган РФ премьер-министри Михаил Мишустиндин абалы жакшы экенин билдирди.

Учурда Россия лидери онлайн форматында жыйын куруп жатат. Анда экономика жана социалдык чөйрөнү колдоо боюнча буга чейин көрүлүп келген чаралардын аткарылышы талкууланууда.

"Ал айыгып келет жатат, баары жакшы, дене табы көтөрүлбөптүр. Тезирээк сакайышын каалайбыз. Ал биз менен күн сайын байланышта болуп, жүрүп жаткан иштерге катышып жатат", — деди Путин.

Эске салсак, өткөн жумада Россиянын өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0