"Өлбөс полк онлайн" акциясына 600 миң адам катталды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүМоскванын тургуну Өлбөс полк акциясына катыш үчүн онлайн заявканы толтуруп жатат.
Москванын тургуну Өлбөс полк акциясына катыш үчүн онлайн заявканы толтуруп жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
“Өлбөс полк онлайн" виртуалдык жүрүшүнө каттоо бир апта мурда башталган. Учурда ага катышууну каалагандардын саны улам өсүп бара жатат.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. "Өлбөс полк онлайн" акциясына 600 миңден ашык адам катышарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Өлбөс полк онлайн" виртуалдык жүрүшүнө каттоо бир апта мурда башталган. Күн өткөн сайын катышуучулардын саны көбөйүп, бүгүн 600 миңден ашты”, — деп айтылат кабарда.

Бишкектеги Өлбөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өтө турган "Өлбөс полк" онлайн акциясына катышуунун жол-жобосу
Акцияга бул жылы согуш ардагеринин сүрөтү сакталбай калган каалоочулар дагы катыша алат. Анкета толтуруп жатканда “сүрөтү” деген жерди бош калтырып кетсе болот. Ошондой эле катышуучу ардагерге кандайча тууган экенин жана билбеген учурда анын туулган, өлгөн жылдарын жазбай коюуга уруксат берилген.

"Өлбөс полк онлайн" виртуалдык жүрүшүнө бул шилтемелерге кирип катталса болот: https://2020.polkrf.ru/, https://ok.ru/app/immortal-regiment, https://vk.com/polk_app, https://sber9may.ru/.

Социалдык тармактар аркылуу Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларыңыздын эрдиги тууралуу жазганда #Бессмертныйполк2020, #Бессмертныйполконлайн, #ДеньПобедыдома, #9маявсети, #9маЯпомню хэштегдерин пайдаланыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0