Россия: коронавируска каршы вакцина чыкмайынча чектөөлөр толугу менен алынбайт

© Sputnik / Павел Кононов / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр COVID-19 вирусун жуктургандар азайды деп эле “майрамдап” кетүү чоң жаңылыштык экенин белгиледи.

БИШКЕК, 3-май – Sputnik. Россияда коронавируска каршы вакцина табылганча киргизилген чектөөлөрдүн бир бөлүгү жоюлбайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдиргенин РИА Новости жазды.

“Чектөөлөр этап-этабы менен алынат. Бирок илдеттин тарашын алдын алган препараттар чыкканга чейин алардын бир бөлүгү сакталып турат”, - деди Мурашко.

Ал ошондой эле илдет жуктургандар азайды деп эле “майрамдап” кетүү жаңылыштык экенин белгилеп, эпидемиянын экинчи толкуну жаралышы мүмкүндүгүн эстен чыгарбоо зарылдыгын кошумчалаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда вирус жуктургандардын саны 134 867 адамга жетти. Анын 16 639у сакайып кетсе, 1280и көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0