Россияда бир суткада эле 7933 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБейтапты майыптар арабасында алып бараткан дарыгер
Бейтапты майыптар арабасында алып бараткан дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын ыкчам штабы бул азыркы пандемиянын тарыхында өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч экенин билдирген.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Россияда бир сутка ичинде 7933 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Ыкчам штаб бул азыркы пандемиянын тарыхында өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматта инфекцияны жаңы жугузгандардын 44,5 пайызында клиникалык белгилер жок экендиги айтылат.

Тышкы иштер министрлиги Пекин шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын душманы — Кытай эмес, вирус. Пекин коркутууларга жооп кайтарды
Эң көп учурлар Москвада (3561), Москва облусунда (797) жана Санкт-Петербургда (349 учур) катталган. Бир суткада 96 адам каза болуп, 1601и айыгып чыккан.

Жалпысынан Россияда 114 431 адамдан коронавирус катталып, анын 1169у көз жумса, 13 222си сакайган.

Россияда вирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө сегизинчи орунда турат. Учурда эң оор кырдаал АКШда, ал жакта илдетке чалдыккандардын саны миллиондон ашат. Кийинки орундарда Испания, Италия, Улуу Британия, Франция, Германия жана Түркия бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0