Путин ишкерлерди колдоо боюнча жаңы план иштеп чыгууга тапшырма берди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел совещание с главами регионов по борьбе с распространением коронавируса в РФ
Президент РФ В. Путин провел совещание с главами регионов по борьбе с распространением коронавируса в РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин регион жетекчилери менен коронавируска каршы күрөшүү жаатында кеңешме өткөрдү. Анда абал боюнча маалымат алып жана өлкөнүн мындан аркы жасай турган кадамдары боюнча көрсөтмө берди.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавирус кырдаалынан улам калкынын кирешелерин жана өлкө экономикасын ыраатташтыруу боюнча жалпы улуттук планды даярдап баштоого тапшырма берди.

"Өкмөт аймактар жана бизнес менен биргеликте масштабдуу, жалпы улуттук планды даярдоого киришип башташы керек. Ал ишкер жашоону, жумуш орундарды, элдин кирешесин, экономиканы калыбына жана бир ыраатка келтириши керек", — деди Путин регион жетекчилери менен коронавируска каршы күрөшүү боюнча кеңешме өткөрүп жатып.

Россия лидери бул иштерди кылчактабай баштоо керектигин баса белгиледи.

"Биз мындай ири программаны даярдаш үчүн азыртан тарта зарыл чечимдерди кабыл алып, керектүү ресурстарды бириктиришибиз керек. Мунун баары макулдашылып, эпидемиологиялык кырдаалдан чыккандан кийин, чектөө алынган соң этап-этабы менен жасалышы шарт", — деп кошумчалады Путин.

Россиянын 82 аймагында өткөн сутка боюнча коронавирус табылгандардын саны 5849 адам болду. Алардын ичинен 60 киши каза тапты. Өткөн суткада 677 бейтап айыгып чыкты.

Ал эми жалпы сан боюнча айтсак, РФте илдетке кабылгандардын саны 93 558ге жетип, анын 8 456сы сакайып кетти. 867 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0