Путин коронавирусту аныктоочу тесттер массалык негизде жүргүзүлөрүн билдирди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЛаборатория "Гемотест" начинает делать тесты на COVID-19 в Симферополе
Лаборатория Гемотест начинает делать тесты на COVID-19 в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москванын мэри Сергей Собянин жыйын учурунда коронавирусту аныктоо үчүн жарандардан кандын анализи алына баштаганын белгиледи.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Коронавирусту аныктоо үчүн адамдарды тестирлөө массалык негизде жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин регион жетекчилери менен коронавируска каршы күрөшүү боюнча кеңешме өткөрүп жатып айтты.

Өлкө лидери вируска тест тапшыргандардын саны акырындык менен өсөрүн белгиледи.

“Эгер марттын башында Россияда күнүнө инфекцияны аныктоо үчүн 2,5 миң изилдөө жүргүзүлсө, бүгүнкү күндө 150 миңге жетти. Бул 60 эсеге өстү дегенди билдирет. Тестирлөө мындан ары дагы көбөйтүлөт”, — деди Путин.

Ал эми Москва мэри Сергей Собянин коронавирусту аныктоо үчүн жарандардан кандын анализи алына баштаганын билдирди. Ал мындай ыкма реалдуу картинаны алууга жардам берет деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда илдетке кабылгандардын саны 93 558ге жетип, анын 8 456сы сакайып кетти. 867 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0