Вирусту өлтүрө турчу антисептиктер кандай болушу керек? Адистердин жообу

© Пресс-служба Департамента здравоохранения города Москвы / Медиабанкка өтүүСтолдо турган медициналык маскалар жана антисептик. Архив
Столдо турган медициналык маскалар жана антисептик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курч респиратордук вирустук инфекцияларда бактерияга каршы каражаттарды колдонуу жетишсиз экендиги айтылат. Бактерияны да, вирусту да жок кылуу үчүн тери антисептигин да пайдалануу керек.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Коронавирус пандемиясында колго себиле турчу антисептиктердин курамында кеминде 60-80 пайыз изопропил же этил спирти камтылса натыйжалуу болуп саналат. Мындай кеңешти Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) бергенин РИА Новости жазды.

"Антисептикалык каражатты сатып алып жатканда анын тийгизген таасирине, курамындагы спиртине көңүл буруңуз. Ошондой эле аны териге канча өлчөмдө колдонуу керектигине да абай салыңыз. Адатта мунун бардыгы көрсөтмөсүндө жазылат", — деп айтылат маалыматта.

Медициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус эпидемиясын токтотуунун жалгыз жолу аталды
Жалпысынан дары каражатын тандап жатканда ал кайсы ооруларга таасир этерине жакшылап көңүл буруу керек. Курч респиратордук вирустук инфекцияларда, сасык тумоодо жана башка дем алуу органдарынын ооруларында бактерияга каршы каражаттарды колдонуп коюу жетишсиз. Бактерияны да, вирусту да жок кылуу үчүн кеңири спектрдеги тери антисептигин да колдонуу керек. Аны алууда нускамасын караңыз.

Роспотребнадзор белгилегендей, колго арналган натыйжалуу антисептиктин курамында кеминде 60-80 пайыз изопропил же этил спирти камтылышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0