Коронавирус: Россия чек арасынын баарын жапты

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРоссия менен Беларуссиянын чек арасы. Архив
Россия менен Беларуссиянын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1264кө жетип, анын төртөө каза болду. Ал эми 49 киши сакайып кеткен.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин чек арадагы кыймылга чектөө киргизди. Тиешелүү документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Мында кеп автоунаа, темир жол, жөө жана деңиз аркылуу келчү жолдогу посттор, ошондой эле Россия менен Белоруссиянын мамлекеттик чек арасынын кургактагы бөлүгүндө жайгашкан бекеттер тууралуу болууда. Чектөө 30-марттан тарта иштей баштайт.

"Тыюу салуунун дипломаттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, дипломатиялык байланыштын курьерлерине жана өлкөдөн чыгып бараткан расмий делегациялардын мүчөлөрүнө тиешеси болбойт. Мындан тышкары, өлкө аймагына кирип келе жаткан Россиянын жараны болгон жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, кеме экипаждарынын мүчөлөрү, эл аралык темир жол байланышынын поезд жана локомотив бригадалары тоскоолдуксуз өтөт. Ошондой эле жакын адамы көз жумган россиялыктар, өлкөнүн негизги бөлүгүнө бет алган Калининград облусунун тургундары жана Донецк менен Луганскинин аймагында туруктуу жашагандарга чектөө жок", — деп айтылат документте.

Эскерте кетсек, ушу тапта өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1264кө жетип, анын төртөө каза болду. Ал эми 49 киши сакайып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0