Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нуралиева: өлкөдө элдин 70-72 пайызы медициналык жактан камсыздандырылган

© Sputnik / Асель СыдыковаММКФтин Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын эксперттөө секторунун башчысы Света Нуралиева
ММКФтин Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын эксперттөө секторунун башчысы Света Нуралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
ММКФтин Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын эксперттөө секторунун башчысы Света Нуралиева эч жакта иштебей камсыздандырылбаган адамдар бир жылдык медициналык камсыздандыруу полиси аркылуу дары-дармектерди жеңилдетилген негизде ала аларын айтты.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгы быйыл 28 фармацевтикалык компания менен (300дөй дарыкана) келишим түздү. Бул тууралуу Света Нуралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Нуралиева: өлкөдө элдин 70-72 пайызы медициналык жактан камсыздандырылган
Анын айтымында, Кыргызстан боюнча элдин 70-72 пайызы медициналык жактан камсыздандырылган.
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бейтаптар үчүн жеңилдетилген жана мамлекеттик кепилдик программалары бар. Мында бейтаптар дарынын жарым баасын чыгарса, калганын фонд төлөйт. Ал эми мамлекеттик кепилдик программасына ылайык өнөкөт оорусу бар (бронхиалдык астма, онкологиялык оорулар, эпилепсия, шизофрения ж.б.) бейтаптарга 90 пайызга чейин жеңилдик берилет. Бул программаларды көп адамдар билбей калып жатат. Медициналык камсыздандыруу алуу үчүн бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, диспансердик каттоого турушу керек. Ал үчүн паспортундагы 14 сандан турган персоналдык номерин жазуу жетиштүү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгы быйыл 28 фармацевтикалык компания менен (300дөй дарыкана) келишим түздү. Ал дарыканаларда ММКФ жана мамлекеттик кепилдик программасынын рецептин кабыл алабыз деп жазылып турат. Дарыкана ээлери электрондук рецепт системасы аркылуу бейтаптын камсыздандырылгандыгы тууралуу маалымат алып, ошого жараша дары сатат. Өнөкөт оорусу барлар ошол ПИН номери аркылуу эле (базада канча пайыз медициналык жеңилдетүү алганы чыгып калат) дарыканага барып кийинки дозасын алса болот", — деди Нуралиева.
Ал канча дары канча оорулууга сатылганы боюнча маалымат электрондук рецепт системасынын базасына топтолорун кошумчалады.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0