Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токторбеков: унаа базарында сапаты жакшы машиналар аз

© Sputnik / Асель СыдыковаУнаа тетиктерин тандоо боюнча адис Эруланбек Токторбеков
Унаа тетиктерин тандоо боюнча адис Эруланбек Токторбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Унаа тетиктерин тандоо боюнча адис Эруланбек Токторбеков өлкөнүн унаа базарларында кыймылдаткычынын көлөмү кичине көлүктөргө талап жогорулаганын айтты.
Унаа базарында оңдоп-түзөөгө муктаж болбогон таза машиналар азайып кетти. Мындай пикирин Эруланбек Токторбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Токторбеков: унаа базарында сапаты жакшы машиналар аз
Анын айтымында, Кыргызстандан коңшу Казакстанга унаа ташыгандар көбөйүп калды.
"Учурда түрдүү себептерге байланыштуу өлкөдө автоунаага болгон баа өсүп жатат. Мисалы, биздин рыноктогу сапатына жакшы баа берилген машиналарды Казакстанга ташып жатышат. Мурда кыргыз номерлүү автомашиналардын киргизилишине коңшу өлкөдө чектөө болсо, учурда аны алып салышкан. Ал эми бизде салыштырмалуу арзан болгондуктан сатып алышууда. Өлкөнүн унаа базарларында оңдоп-түзөөгө муктаж болбогон таза машиналар азайып кетти. Мындан тышкары, жарандар кыймылдаткычынын көлөмү кичине автоунааларды алууга басым жасай башташты", — деди Токторбеков.
Ошондой эле адис күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы да автоунаалардын наркынын өсүшүнө таасирин берип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0