Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Пусурманова: баш калкалоочу жайларда 1000-1500 кишиге жардам көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Айниса Пусурманова
Бишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Айниса Пусурманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Айниса Пусурманова үй-жайсыз жарандарга кам көрүү үчүн төрт баш калкалоочу жай жана бир боорукердик борбор иш алып барарын маалымдады.
Убактылуу баш калкалоочу жайлардын ар бири жылына 1000-1500 үй-жайсыз адамды тейлейт. Алар жарандарга медициналык, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт. Бул тууралуу Айниса Пусурманова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Пусурманова: баш калкалоочу жайларда 1000-1500 кишиге жардам көрсөтүлөт
Анын айтымында, борбор калаада эки баш калкалоочу жай убактылуу, экөө жыл бою иш алып барат.
"Бишкекте учурда төрт баш калкалоочу жай жана боорукердик борбор кызмат көрсөтүүдө. Алар үй-жайсыз адамдарды, ал эми боорукердик борбордо оор кырдаалга кабылган аялдарды тейлешет. Жалпысынан баш калкалоочу жайлардын ар бири жылына 1000-1500 үй-жайсыз адамга көмөк көрсөтөт. Мисалы, "Коломто" баш калкалоочу жайы 2020-жылы 1 365 адамга жардам берген. Бул көрсөткүч быйылкы жылдын 10 айында 1062 адамга жетти. Булардын ичинен 66 адам туугандарына кайтарылып, төрт адам жумушка орноштурулган. Алты адамдан кургак учук аныкталып тийиштүү ооруканага жаткырылды. Башка илдеттер менен 74 киши жаткырылып, 11 киши каза болгон. Ал эми жети киши ар кандай интернаттарга жайгаштырылган. 1998-2000-жылдары жылына 130-140 эле адамды тейлеп келсе, учурда 10 эсе көбөйгөнү көрүнүп турат. Негизинен бул мекеме 70 адамга ылайыкташтырылган, бирок сууктун түшүшү менен адамдар көбөйүп 100гө чейин жетет. Быйыл анын санитардык блогу толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондуктан ал жактан үй-жайсыздар же турмуштук оор кырдаалга кабылгандарды жуунтуп-тазалантып, тамак-аш менен камсыздайт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүккө жараша эски кийимдерди бере алышат. Башка баш калкалоочу жайларда дагы тийиштүү шарттар түзүлүүдө. Келген жарандарды каттоого алып, медициналык кароодон өткөрөт. Эгерде ооруканага жаткыруу зарылдыгы болсо көмөк көрсөтүшөт. Жеке баарлашуунун негизинде кандай болуп көчөдө калганы аныкталып, колдон келсе туугандары менен байланыштырылат", — деди Пусурманова.
Ошондой эле ал үй-жайсыз адамдардын жоголгон документтерин калыбына келтирүү аракеттери жасаларын кошумчалады.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0