13:49 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463

Теолог: биз дин тутуу түшүнүгүндө артка кеттик

Радио
Кыскача шилтеме алуу
81 0 0

Теолог Элмурат Кочкор уулу Кыргызстан эгемендикти алган соң диний ишмердүүлүк да ар тараптуу кулачын жайып, өлкө учурда түрдүү диний түшүнүктөрдүн, мектептердин, уюмдардын полигонуна айланып калганын билдирди.

Өлкө эгемендүүлүктү алганда өз багытын светтик деп аныктап, динди мамлекеттин ишинен бөлүп карап Конституция менен бекиткен. Бул туура чечим болгон. Бирок ошол эгемендүүлүк менен кошо келген эркиндикти биз кандай пайдаланып жатабыз, көйгөй ушул жерде жатат. Мындай пикири менен Элмурат Кочкор уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып бөлүштү.

Теолог: биз дин тутуу түшүнүгүндө артка кеттик

Анын айтымында, мамлекет дин тутунуу түшүнүгүндө билимди өркүндөтүп өнүкпөй эле, тескерисинче, артка кетип калды.

"Биз жаш өлкөбүз, көч бара-бара түзөлөт деген эмоционалдык көз караштар жакшы, бирок дин тутунуу түшүнүгү боюнча сөз болгондо бул жетишсиз. Мындай жакшы ниеттин жанында туура анализ, баам жана кадамдар маанилүү. Анткени бул жерде миллиондогон адамдардын, мамлекеттин тагдыры турат. Биз мына ушул нерселерге көңүл бурбагандыктан, айрымдар абийир сотуна, адамдык логикага туура келбеген нерселерди динге шылтоолоп жасап жүрүшөт. Тилекке каршы, мындай учурлар бардык дин түшүнүгүн карманган коомдордо кездешет. Ооба, дин тууралуу маалыматтарга ээ болуу менен айрымдар спирт ичимдиктеринен алысташы мүмкүн же майда-чүйдө уурулук жасап жүргөндөр токтотушу ыктымал, бирок аң-сезимдик, дүйнөгө болгон көз караш, билим деңгээли боюнча биз артка кетип жатабыз", — деди Кочкор уулу.

Теолог дин тутунуу эркиндигинде мамлекеттин, жарандардын коопсуздугун биринчи орунга коюп, илимге, абийирге туура келген нормаларга гана жол берип, башкасына чектөө киргизүү зарылдыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Тема боюнча

Эргешов: үй-бүлө курууга жаштарды даярдабай жатабыз
Белгилер:
теолог, дин, мамлекет, коопсуздук

ЭҢ МААНИЛҮҮ