Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманбаева: өсүмдүктөрдүн генетикалык банкында үрөндүн 2461 үлгүсү бар

© SputnikАгроном-биолог Бермет Иманбаева
Агроном-биолог Бермет Иманбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин башкы агроном-биологу Бермет Иманбаева өсүмдүктөрдүн үлгүсүн сактаган генетикалык банктагы үрөндөр тууралуу маалымат берди.
Өсүмдүктөрдүн генетикалык банкында үрөндүн 2461 үлгүсү сакталууда. Бул тууралуу Бермет Иманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Иманбаева: өсүмдүктөрдүн генетикалык банкында үрөндүн 2461 үлгүсү бар
Анын айтымында, генетикалык банк үрөн сактоо максатында 2010-жылы түзүлгөн.
"Бүгүнкү күндө антропогендик таасир абдан күч болууда. Мындай абалда көптөгөн үрөндүк материалдар жоголуу коркунучуна кептелет. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча генетикалык банктар түзүлүп, иш жүргүзүүдө. Өлкөдө өсүмдүктөрдүн генетикалык банкы 2010-жылдан бери иштеп жатат. Анда республикада өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү, алардын жапайы түрлөрү жана чет жактан алып келинген үрөндөр узак убакытка сакталат. Учурда жалпы үрөндүн 2461 үлгүсү болсо, анын ичинен 249 талаа коллекциясы болуп эсептелет. Учурда изилдөө, сактоо максатында башка мамлекеттер менен үрөн үлгүсүн алмашып жатабыз. Айыл чарбанын эң негизи үрөн болуп саналат. Мына ошол үчүн элди үрөн менен камсыздап, изилдөөлөрдүн натыйжасында жаңы сорттор чыгарылууда. Генетикалык банкта 500-600 грамм үлгү сакталып, дыйкандарга көбөйтүү үчүн берилет. Анткени аталган банктын негизги милдети — сортту сактап, мүмкүнчүлүккө жараша көбөйтүүгө шарт түзүү. Сорттун жаралуусу үчүн ондогон жылдар керектелет. Ошондуктан аны сактап калуу чоң жоопкерчилик жана милдет", — деди Иманбаева.
Ошондой эле ал учурунда генетикалык банк жок болгондуктан үрөн үлгүлөрү Россияда сакталганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0