Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Догоев: IT-тармагында иштеген адистердин саны 76%га өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр цифрового развития КР Дастан Догоев
Министр цифрового развития КР Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев Кыргызстанда 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгында IT-индустриясынын кирешеси мурдагы жылдарга салыштырмалуу 67 пайызга өскөнүн айтты.
Президент Садыр Жапаровдун "КР президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулду. Жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатын көздөйт. Бул тууралуу Дастан Догоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Догоев: IT-тармагында иштеген адистердин саны 76%га өстү
Анын айтымында, учурда IT тармагында иштеген адистердин саны 76 пайызга өскөн.
"Санариптик өнүктүрүү министрлиги жазында Маалыматтык технология жана байланыш агенттиги менен Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүү жолу менен негизделген. Министрлик мамлекеттик саясатты үч багытта: санариптештирүү, байланыш тармагын өнүктүрүү жана жалпы мамлекеттик архив, баалуу документтерди сактап калуу боюнча жүргүзөт. Буга чейин мамлекеттик системаны электрондук форматка алып келүү жана автоматташтыруу багытында беш мамлекеттик ишкана иштечү. Анын төртөө жоюлуп, Инфоком ишканасына бирикти. Азыркы учурда IT-тармагы биздин мамлекетте тездик менен өнүгүп жаткан кези. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20 пайызга өстү. Ал эми 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин аягында 67 пайыз өсүү байкалды. Коңшу Казакстандагы Astana Hub технопаркына салыштырсак, алардын жалпы резиденттердин кирешеси 32 миллион доллар. Биздин резиденттердин бул жылкы жыйынтыгын болжолдуу айта турган болсок, 30 миллион долларга жакындады. Эки мамлекеттин мүмкүнчүлүгү, ресурсу, каражаты ар кандай, ал эми деңгээли бирдей болууда. Мунун артынан мамлекеттик казынага 40 миллион сом түшүп жатат", — деди Догоев.
Министр Бишкекте өткөн StrategEast жана IT Евразиялык форумунда эл аралык деңгээлдеги эң беделдүү деп саналган EPAM Systems IT компаниясынын кеңсеси Бишкекте ачылары макулдашылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0