Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касмамбетова: мектептин жанында ылдамдыкты саатына 30 чакырымга азайтуу керек

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова
Жол коопсуздугу коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова №5 жана №67 мектептин айланасында пилоттук негизде унааларга саатына 30 чакырым ылдамдыкта жүрүү боюнча чек коюлуп жатканын айтты.
Кыргызстанда жол кырсыктарынын басымдуулугу ылдамдыкты сактабагандан улам катталууда. Өзгөчө жол оңдолуп же жаңы курулса эле айдоочулар ылдамдыкты жогорулата баштайт. Мындай көрүнүш дүйнө жүзүндө кездешүүдө. Бул тууралуу Чынара Касмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Касмамбетова: мектептин жанында ылдамдыкты саатына 30 чакырымга азайтуу керек
Анын айтымында, кырсыкты алдын алуу үчүн жаңы курулуп же оңдолуп жаткан жолдун инфраструктурасын талапка жооп бергидей жасоо керек.
"Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иштелип чыккан жаңы программада автоунаалардын ылдамдыгын көзөмөлдөө боюнча сунуштамалар берилди. Азыркы абалды эске алуу менен жол коопсуздугу боюнча дүйнөдө көрүлүп жаткан чараларды биз дагы колдонушубуз керек. Мыйзамга ылайык, азыр калктуу конуштарда транспорт каражаттарына саатына 60 километрден ашпаган ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилген. Ал эми мектептердин жанында саатына 40 чакырымдан ашпоо керек. Көпчүлүк айдоочулар жол бош болсо эле бул чектөөнү эске алышпайт. Өкмөттүн калктуу жерлерде автоунаанын ылдамдыгын 50гө, ал эми мектептин айланасында жүрүүнү 30 чакырымга түшүрүү планы бар. Бул "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин программасына да дал келип жатат. Биз №5 жана №67 мектептердин айланасында пилоттук негизде унааларга саатына 30 чакырым ылдамдыкта жүрүү боюнча чек коюп жатабыз. Ошондой эле балдарын унаа менен ташыган ата-энелер үчүн жол боюна буфердик зона уюштуруу аракеттери көрүлүүдө. Себеби бул жерде кыймыл өтө көп, тыгын болгонуна карабай ушул жерде эле сентябрдан бери эки баланы унаа коюп кетти. Эгер ылдамдык 30 чакырымга азайтылса, сүзүп кетсе дагы бала аман калат. Андыктан ушул жагын эске алып, жаңы эрежелерди киргизишибиз керек", — деди Касмамбетова.
Ал 21-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү, жекшембиде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чара көрүүгө мамлекетти үндөп жана бул маанилүү темага коомчулуктун көңүлүн буруу максатында тынчтык жүрүшү (Филармониядан Өкмөт үйүнө чейин) өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0