Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: көмүр каатчылыгынан арылуунун бир жолу бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт горнодобывающей индустрии Дуйшонбек Камчыбеков
Эксперт горнодобывающей индустрии Дуйшонбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Тоо кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков өлкөдө баланска коюлган көмүрдүн көлөмү 1,3 миллиард тонна экенин белгиледи.
Жалпы көмүр тармагын тейлеген мекеме ачуу зарыл. Бул тууралуу Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Камчыбеков: көмүр каатчылыгынан арылуунун бир жолу бар
Анын айтымында, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы кабак көмүр бассейнине кошулган көмүр өндүргөн мекеме менен иш алып барат.
"Кара-Кечеде күрөң көмүр (бурый), таш көмүр жана башка болуп көмүр кендеринин түрү көп. Баш-аягы баланска коюлган көмүрдүн көлөмү 1,3 миллиард тонна. Ал эми жалпы көмүрдүн болжолдуу кору 3-5 миллиард тонна деп айтылат. Анан ушунча көмүр туруп эмнеге калк өз учурунда камсыздалбай жатат деген суроо жаралат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн адегенде көмүрдү тейлей турган структура түзүү зарыл. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 2012-жылы Кара-Кеченин базасында түзүлгөн. Андан башка кабак көмүр бассейниндеги Миң-Куш, Жумгалда жайгашкан мекемелер менен консорциум түзгөн. Учурда аталган ишкана түндүк аймагындагы кабак бассейнине кошулган көмүр өндүргөн мекемелер менен гана иш алып барууда. Учурда Жыргалаң, Согуту, Сүлүктү, Ош, Баткен, Алайда, Өзгөндө жайгашкан көмүр кендердин лицензиялары жеке ишкерлерде. Бүгүнкү күндө өлкөдө көмүргө болгон муктаждык ЖЭБди, коммуналдык чарба жана калкты кошкондо 3 миллион тоннанын тегерегинде. Ошондуктан көмүрдү тейлеген бирдиктүү структура түзүлүшү зарыл. "Кыргыз көмүр" ишканасынын статусу жогорулатылып, өлкөдөгү көмүр өндүргөн бардык кендер менен иштей ала тургандай мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ошондо мындай каатчылыктарды алдын алууга жол ачылат", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле ал "Кыргыз көмүр" МИси чарбалык эсепте болуп, бюджеттен каражат албагандыктан анын материалдык-техникалык базасы дагы жетиштүү деңгээлде эместигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0