Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эгемназарова: зомбулук көрсөткөн 120 адам атайын иш-чарадан өттү

© Sputnik / Асель СыдыковаСоциалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жазгүл Эгемназарова
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жазгүл Эгемназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жазгүл Эгемназарова кыйноого кабылган адам 117 ыкчам линиясына чалышы керектигин айтты.
Республика боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көбөйүүдө. Анын алдын алуу үчүн республика боюнча 470 ашуун комитет үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бул тууралуу Жазгүл Эгемназарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эгемназарова: зомбулук көрсөткөн 120 адам атайын иш-чарадан өттү
Анын айтымында, эки айдан бери пилоттук негизде тогуз шаарда зордук-зомбулук жасаган адамды оңдоо боюнча иштер жүрүп жатат.
"2020-жылы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктер менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу комитеттерин түзүү жобосу бекитилген. Бүгүнкү күндө республика боюнча 470тен ашуун комитет үзгүлтүксүз иштеп жатат. Курамына үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу субъектилер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер органдары, социалдык өнүктүрүү, юстиция бөлүмдөрү), жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жарандык, коомдук өкүлдөр, аксакалдар соту, аялдар, жаштар кеңеши, бейөкмөт уюмдар кирет. Комитеттин курамын ЖӨБ бекитет. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча 2017-жылы 27-апрелде №63 мыйзам кабыл алынган. Анда зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча атайын программа жазылган. Ага ылайык эки айдан бери пилоттук негизде тогуз шаарда (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол ж.б.) кризистик борборлор жана РИИБ менен биргеликте зомбулук жасаган адамды оңдоо боюнча иштеп жатышат. Жалпысынан 120 адам коррекциялык иштен өттү", — деди Эгемназарова.
Ал министрлик тарабынан 117 ыкчам линиясы пилоттук негизде (республиканын 80 пайызын камтыган) иштеп жатканын, аталган номерге зомбулуктан тышкары бардык социалдык суроолор боюнча (пенсия, жөлөк пул, кайрылман, адам сатуу) кайрылса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0