Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мусаев: ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билиши шарт

© Sputnik / Жоомарт УраимовПредседатель Нацкомиссии по госязыку при президенте КР Сыртбай Мусаев
Председатель Нацкомиссии по госязыку при президенте КР Сыртбай Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев ар бир мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилде эркин жазып, сүйлөй алышы керек деген пикирин билдирди.
Депутаттыкка талапкерлер да мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тест тапшырышы зарыл. Мындай пикирин Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.
Мусаев: ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билиши шарт
Анын айтымында, үгүт учурундагы талапкерлердин көрнөк-жарнактары мамлекеттик жана расмий тилде гана жазылышы шарт.
"Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү биз катардагы жарандардан эмес, мамлекеттик кызматтарда иштегендерден талап кылышыбыз керек. Ар бир саясий кызматкер, депутат, эксперттер кыргыз тилинде эркин жазып, сүйлөй билиши шарт. Бул үчүн талап катуу коюлуп, аткарылбаган убакта мыйзамдын чегинде жооп берүүчү механизмдер иштеп турушу зарыл. Эл өкүлдөрү болсо шайлоого аттанып жатканда атайын тесттен өтүп, кыргыз тилин билүү деңгээлине көңүл бурулушу абзел. Ал эми үгүт материалдары мамлекеттик жана расмий, мыйзамда көрсөтүлгөн эки тилде гана жазылышы керек. Биз быйылкы Жогорку Кеңешке талапкерлердин айрымдарынын ушул багытта кетирген алешемдиктери боюнча БШКга кат жолдодук. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы бизге кыргыз жана орус тилинде жазылбаган үгүт материалдарынын ээси болгон талапкерлердин этносу башка экендигине, өз эне тилинде жазып жаткандыгына жана Кыргыз Республикасында ар бир улуттун өкүлү өз тилинде сүйлөп-жазууга укуктуу деген беренеге такап жооп беришти. Туура, бирок ал турмуштук деңгээлде, ал эми саясий материалдар мыйзам көрсөткөн эки тилде гана таратылышы керек. Бул Конституцияда да, башка мыйзамдарда да көрсөтүлгөн эреже", — деди Мусаев.
Академик Жогорку Кеңешке болчу кийинки шайлоолордо талапкерлерди мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тесттен өткөрүүгө аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0