Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бекбаева: МИК октябрда 318 үй-бүлөгө ипотекалык насыя берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик ипотекалык компаниясынын өкүлү Жылдыз Бекбаева
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын өкүлү Жылдыз Бекбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын өкүлү Жылдыз Бекбаева төрт пайыздык "Жеңилдетилген ипотеканы" 270 үй-бүлө алгандыгын айтты.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында "Жеңилдетилген ипотека", "Жеткиликтүү ипотека" багыттары боюнча ушул жылдын октябрь айында 318 кыргызстандык насыя алды. Мындай маалыматты Жылдыз Бекбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бекбаева: МИК октябрда 318 үй-бүлөгө ипотекалык насыя берди
Анын айтымында, арзан ипотекалык турак-жайга суроо-талап жогору болуп жатат.
"Мамлекеттик ипотекалык компания өзүнүн тарыхында  турак жай боюнча экинчи программасын ишке ашырууну баштады. "Менин үйүм 2021-2026" программасы ушул жылдын май айында бекитилип, каржылоо сентябрдын экинчи жарымында бөлүндү. Октябрь айынын үч жумасында 318 үй-бүлөгө ипотекалык насыя берилди. МИК жумасына 100дөн ашык кыргызстандыкка насыя берди. Бюджеттик сферада иштеген 270 бүлөгө "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча каражат бөлүнсө, жеке мекемелерде иштеген 48и  "Жеткиликтүү ипотека" менен насыя алышты. Төрт пайыздык ипотекалык насыяны алууга суроо-талап абдан жогору болгондуктан кыска убакытта көп адамга берилди", — деди Бекбаева.
Ошондой эле адис өкмөттүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы аркылуу ипотекалык насыя алган жарандардын пайыздык көрсөткүчтөрү төмөндөтүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0