Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаев: адамдар дээрлик тууроо менен жашайт

© Sputnik / Асель СыдыковаПсихолог, кандидат психологических наук, доцент Маматали Мурзаев
Психолог, кандидат психологических наук, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев жаман маалыматтарды жайылтуу коомчулукта терс реакция жаратарын айтты.
Адам тууроо менен жашайт. Муну француз психологу Гюстав Лебон айткан. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мурзаев: адамдар дээрлик тууроо менен жашайт
Анын айтымында, учурда массалык маалымат каражаттары агартуучулук ролун аткарып, коомдун маданиятына салым кошуусу керек.
"XIX кылымда адамдын коомдогу жүрүм-турумун изилдеген Гюстав Лебон деген француз окумуштуусу көп ачылыштарды жасаган. Ал кишилерди "элита" жана "жалпы масса" деп эки чоң топко бөлгөн. Элита дегенде биз материалдык жактан бай кишилерди эмес, дүйнө таанымы кенен, билимдүү, коомдо агартуучулук орду барларды эсептешибиз керек. Алардын бир маселеге өз көз карашы болот. Ал эми экинчи топко киргендер, тилекке каршы, тууроо менен жашоо кечиришет, булар коомдо басымдуулук кылат. Ошондуктан суицид сыяктуу ар кандай жаман окуялар болгондо ал тууралуу маалыматты колдон келишинче элге жарыялабоого аракет кылыш керек. Анткени мындай учурда коомдо чынжырча реакциясы иштеп кетет. Тарыхта мындай окуялар көп болгон. Мисалы, Өзбекстанда сүйүшкөн эки жаштын баш кошуусуна ата-энеси каршы чыккан учурда, экөө барып асынып алышкан. Маалымат заматта тарап кеткен. Мындан көп өтпөй эле үйлөнүүгө жакындары каршы болгон кыз-жигиттер арасында ушундай жол менен чогуу жанын кыйган учурлар көбөйгөн. Жыйынтыгында бийлик катуу чара көрүү менен токтоткон. Андыктан каргашалуу окуяларды коомго алып чыгууда өтө кылдат мамиле керек, — деди Мурзаев.
Психолог коомдун маданияты бийик болсо ошол элде суицид аз болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0