Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кедейбаев: илимде малдын тегин териштириш үчүн "ата-энеси" деп айтылат

© Sputnik / Асель СыдыковаCпециалист отдела пастбищ и племенного животноводства Минсельхоза Наралы Кедейбаев
Cпециалист отдела пастбищ и племенного животноводства Минсельхоза Наралы Кедейбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин адиси Наралы Кедейбаев "малдын атасы", "апасы" деген терминдерге түшүндүрмө берди.
Малдын асыл тукумдуулугун тастыкташ үчүн анын тегин аныкташ керек болот. Мындай учурда биз анын "атасы", "апасы" деп колдонобуз. Бул тууралуу Наралы Кедейбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кедейбаев: илимде малдын тегин териштириш үчүн "ата-энеси" деп айтылат
Анын айтымында, асыл тукум малга берилүүчү карточкаларга малдын "ата-тегинин" төрт мууну жазылышы керек.
"Республикада асыл тукум малды жайылтуу иш-аракети колго алынып жатканына аз эле убакыт болду. Ушул максатта элге берилүүчү мындай жандыктарга документ жасалат. Анда малдын асыл тукумун аныкташ үчүн анын "атасы" бул породадан, "энеси" тиги породадан деп көрсөтүшүбүз керек. Ал тургай энеси, энесинин энеси деп, башкача айтканда, төрт муунун жазууга милдеттүүбүз. Илим бизден ушуну талап кылат. Мурда бул иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлчү. Ал жакта деле "мать коровы", "отец коровы" деп эле жазылып турат. Биз мыйзам долбоорун сунуштаганыбызда ушул терминдерди сөзмө-сөз түз которгонбуз. Муну Айыл чарба министрлигинин адистери эле которушкан, тилчилер катышкан эмес. Эгер биз туура эмес которгон болсок, тиешелүү органдар катабызды далилдүү оңдоп койсо биз кубанычта гана болобуз. Бирок, тилекке каршы, мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууда бир ай илинип турду, эч ким эч кандай пикир билдирген эмес, — деди Кедейбаев.
Ал ошондой эле документте малдын жашы "музоо", "торпок", "кунаажын" деп, кыргызча аталыш менен эле жазылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0