Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мустапакулова: октябрдын аягында инновациялык борбор ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗавотделом инноваций Кыргызпатента Айсулуу Мустапакулова
Завотделом инноваций Кыргызпатента Айсулуу Мустапакулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Кыргызпатенттин инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Мустапакулова октябрдын аягында инновациялык борбор ачыларын айтты.
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы октябрь айынын аягында Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык борборун ачат. Борбор Кыргызпатентке караштуу мамлекеттик патенттик техникалык китепкананын базасында түзүлөт. Бул тууралуу Айсулуу Мустапакулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мустапакулова: октябрдын аягында инновациялык борбор ачылат
Анын айтымында, инновациялык борбор стартап-экосистемасын өнүктүрүү үчүн Кыргызстандагы биринчи уникалдуу аянтча болот.
"Инновациялык борбордо жаңы ишин баштап жаткан стартаперлер, идеяга бай жаңычыл жаштардын жана долбоорлорду ишке ашырууну каржылаган инвесторлордун башын бириктирген аянтча түзүлөт. Борбор инновациялык экосистеманы пайдалануучулар үчүн керектүү жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздалат (коворкинг, өндүрүштүк-инновациялык лаборатория, FabLab). Fablab — бул санариптик 3D моделдөө жана прототиптөө лабораториясы. Анда долбоорду түзүү үчүн керектүү жабдуулар жана шаймандар бар. Инновациялык борбор тийиштүү жабдуусу бар техникалык лаборатория менен жабдылып, анда ойлоп табуучулар жана стартаперлер каалаган идеясын даяр продуктуга айландыра алышат. Ал эми Youth iLab — бул балдар лабораториясы. Co-working — жаңы идеялар жана долбоорлор менен жаңы ойлоп табуучулардын, жаш ойлоп табуучулардын иши үчүн жабдылган заманбап кеңселер. Аталган жайлар белгиленген убакытка чейин бекер берилет. Кыргызстанда көп сандагы жергиликтүү стартаптардын пайда болушу билимдин жана интеллектуалдык продуктунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун көбөйтүүгө гана эмес, калктын жумуш менен камсыз болушуна өбөлгө түзөт. Стартап-экосистемасын өнүктүрүү үчүн алардын санын жана сапатын, персоналдын квалификациясын жогорулатуу жана оң шарттарды түзүү өтө маанилүү", — деди Мустапакулова.
Ал инновациялык борбордун ачылыш аземинде "Интеллектуалдык менчикти жана инновациялык системаны өнүктүрүү" форуму өтөрүн кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0