Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: көргөзмөгө төө куштар алып келинет

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель главы департамента механизации Министерства сельского хозяйства Алишер Мамытов
Заместитель главы департамента механизации Министерства сельского хозяйства Алишер Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директорунун орун басары Алишер Мамытов 23-24-25-октябрь күндөрү борбор калаада айыл чарба техникасынын көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси өтөрүн айтты.
Үч күн бою Бишкек шаарында "AгроТехЭкспо-2021" айыл чарба техникасынын көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Көргөзмөгө быйыл асыл тукум мал да чыгарылат. Бул тууралуу Алишер Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: көргөзмөгө төө куштар алып келинет
Анын айтымында, аталган иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аятта өтөт.
"Жылдагыдан айырмаланып быйылкы айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнө асыл тукум мал жандыктары да чыгат. Алар ири мүйүздүү эт, сүт багытындагы малдар, асыл тукум койлор, тооктор, төө куш жана балыктарды да алып чыгуу күтүлүүдө. Ал үчүн ар бирине өзүнчө орун даярдалып, белгиленген жерлер тосулуп, саман төшөлүп, шаардын тазалыгын сактоо аракеттери жүрүп жатат. Каалоочулар келип, көрүп эле эмес өндүрүүчүлөр менен пикир алышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүп да кете алышат. Ал эми техникадан айыл чарба тармагындагы трактор, комбайн жана башка чакан жабдуулар да сунушталат, — деди Мамытов.
Ал ошондой эле иш-чарага өлкө башчысынын катышуусу да күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0