Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жакыпов: "Кыргыз көмүр" ишканасынын жеке лабораториясы жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов калк жагып жаткан көмүр 40-50 метр тереңдиктен казыларын айтты.
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын көмүрдүн сапатын текшерген жеке лабораториясы жок. Бул тууралуу Мирлан Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жакыпов: "Кыргыз көмүр" ишканасынын жеке лабораториясы жок
Анын айтымында, учурда көмүрдүн сапатын аталган ишкана Бишкек ЖЭБден текшерүүдөн өткөрөт.
"Көмүр 200 кылым мурда пайда болгон зат. Аны 40-50 метр тереңдиктен казып алабыз. Үстүңкү беш метрдейи шамалга урунган бөлүгү болгондуктан ал калкка колдонууга берилбейт. Аны өзүнчө кампага төгүп, атайын иштетүүлөрдөн өткөн соң гана жагууга болот. Биз Бишкек ЖЭБине жана калкка 4 000 килокалориядан кем эмес сапаттагы көмүрдү беришибиз керек. Тилекке каршы, аны аныктай турган лабораториябыз жок. Андыктан Бишкек ЖЭБи биздин көмүрдүн сапатын аныктап түзгөн протоколдор менен иштейбиз. Мындай лаборатория республика боюнча "Кыргыз алтын" ААКсында жана Бишкек ЖЭБде бар. "Кыргыз көмүр" ишканасында куруу үчүн мындан бир нече жыл мурда Түштүк Корея өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Имараты, керектүү жабдыктарына ошол кезде 1 миллион доллар кетери белгилүү болгон. Бизде мындай каражат жок болгондуктан лаборатория курулбай калган", — деди Жакыпов.
Ал көмүрдүн сапаты боюнча талаш маселелер жаралган учурда Казакстандын лабораторияларына текшерүүгө жиберилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0