Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтомаметов: мугалимдердин IT багытындагы компетенциясын жогорулатуу керек

© Sputnik / Исмаил МамытовВице-президент Кыргызской академии образования Алмазбек Токтомаметов
Вице-президент Кыргызской академии образования Алмазбек Токтомаметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов мугалимдердин IT багытындагы компетенциясын жогорулатуу зарылдыгын айтты.
Билим берүү системасына жаңы компьютердик технологияларды киргизүү пандемияга чейин эле башталып, санарип материалдар даярдалганы менен иш жүзүндө аткарылбай келген. Мындай маалыматты Алмазбек Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Токтомаметов: мугалимдердин IT багытындагы компетенциясын жогорулатуу керек
Анын айтымында, билим сапатын көтөрүү үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу зарыл.
"Республикадагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо негизги артыкчылык катары каралышы керек. Анткени билим сапатын көтөрүү үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу абдан маанилүү ролду ойнойт. Билим берүүнүн сапатын карап жатканда эки нерсеге көңүл буруу зарыл. Биринчиси, 1990-жылы Союз тараганда мектептердин деңгээли начарлап, мыкты мугалимдердин көбү кетип калган. Экинчиси, 90-жылдары билим сапаты түшүп кеткен учурда окуган балдар азыр ата-эне болушту. Мындай жагдай таасирин тийгизбей койбойт. Ага карабастан коомдун билим берүүгө көз карашы өзгөрүп, балдарын окутууга умтула башташты. Мындан тышкары, жаңы тенденцияларды эске алуу менен мугалимдердин IT багытындагы компетенциясын көтөрүү зарыл", — деди Токтомаметов.
Ошондой эле адис пандемия учурунда мугалимдер жана окуучулардын маалыматтык технологиялардан кабары жоктугу негизги көйгөй болгонун кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз
Жаңылыктар түрмөгү
0