Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шатманов: туризм тармагына инвестиция тартуу аракети күч

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов туризм тармагында инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн чоң аракеттер жасалып жаткандыгын айтты.
Араб өлкөлөрүнөн, Индиядан инвесторлор туризм тармагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө кызыкдар. Мындай маалыматты Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шатманов: туризм тармагына инвестиция тартуу аракети күч
Анын айтымында, Кыргызстандын кооз жерлери көп болгондуктан туризмдин потенциалы абдан жогору.
"Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартуу боюнча ар кайсы өлкөлөр менен иштер жүрүүдө. Мындан бир жарым ай мурун араб өлкөлөрүнөн инвесторлор келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болушкан. Аларга биздин агенттик беш мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун сунуштап, иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан тышкары, Индиядан да келген инвесторлор туризм тармагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө кызыкдар. Бизде туризмдин бардык тармактарын өнүктүрүүгө шарт бар. Мындан улам инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бир топ аракеттер жасалып жатат", — деди Шатманов.
Ошондой эле адис чет өлкөлүк жарандар көбүнесе Кыргызстандын рекреациялык туризмине (ден соолукту чыңдоо, ден соолукту калыбына келтирүү — ред.) кызыгып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0