Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ырсалиев: өлкөдө токойлорду инвентаризациялоо иштери жүрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев. Архив
Айыл чарба министрлигинин токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев мындай иштер 2008-2010-жылдары жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Өлкөдө токойлорду инвентаризациялоо иштери жүрүүдө. Жыйынтыгы 2022-жылдын башында белгилүү болуп калат. Бул тууралуу Бакыт Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Ырсалиев: өлкөдө токойлорду инвентаризациялоо иштери жүрүүдө
Анын айтымында, буга чейинки эсептөөлөрдө өлкөнүн алты пайызын токой ээлей турганы белгилүү болгон.
"Буга чейин токой чарбаларынын аймактарындагы токойлор тууралуу маалымат белгилүү болчу. 2008-2010-жылдары өлкөдө улуттук инвентаризация жүргүзүлгөн. Натыйжада токой фондунун аймактарынан тышкаркы аянттарда 277 миң гектар токой бар экени аныкталган. Башкача айтканда, жалпы өлкө аймагынын 5,6 пайызын токой түзөрү белгилүү болгон. 2018-жылы жүргүзүлгөн эсептөөлөрдө республиканын токой баскан аянты алты пайызга жеткен. Анын ичинен токой чарбаларынан башка аянттарда 315 миң гектарга өскөн. 2020-жылы экинчи улуттук инвентаризация иштери мерчемделген. Тилекке каршы, пандемиядан улам иштер толук кандуу жыйынтыкталбай калган. Инвентаризациянын жыйынтыгы 2022-жылы толук белгилүү болот деген үмүттөбүз", — деди Бакыт Ырсалиев.
Ошондой эле ал токойлорду эсептөө ар беш жылда, токой жайгаштыруу иштери ар 10 жылда жүрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0