Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Каримова: бала бакчаларга жеңилдик берилбесе көмүскө экономика күч алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдарга билим берүү уюмдары ассоциациясынын төрайымы Элмира Каримова
Балдарга билим берүү уюмдары ассоциациясынын төрайымы Элмира Каримова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Балдарга билим берүү уюмдары ассоциациясынын төрайымы Элмира Каримова бала бакчаларга салык салуу эмнеси менен коркунучтуу экенин айтып берди.
Бала бакчалардан салык алуу билим берүү деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Анткени мамлекеттик бала бакчалар калктын муктаждыгын толук кандуу аткара албайт. Бул тууралуу Элмира Каримова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Каримова: бала бакчаларга жеңилдик берилбесе көмүскө экономика күч алат
Анын айтымында, балдарга билим берүү уюмдары ассоциациясына жалпы 54 жеке билим берүү жайлары кирет.
"Жеке менчик бала бакчалар 2016-жылы сатуу, киреше, кошумча нарк жана жер салыгы болуп төртөөнөн бошотулган. Ал эми жыл ичинде айланган акча 8 миллион доллардан ашкандар кошумча нарк салыгын төлөйт. Анын жеке менчик бала бакчаларга тиешеси деле жок болуп калат. Ошондой эле менчик жерге курулса жер салыгы алынчу эмес. Учурда жеке менчик бала бакчалардын 80 пайызы имаратты ижарага алып иштетишет. Ошондо негизинен сатуу жана киреше салыгы гана жеке менчик бала бакчаларга тиешелүү болуп калат. Бул үч же алты пайызды түзөт. 2016-жылы жеке менчик бала бакчаларга мына ошол эки салыктан убактылуу жеңилдик берилген. Ал арада пандемия болуп, менчик бала бакчалар кризистен толук калыбына келе элек. Салык кодексинин жаңы редакциясында мындай бакчалар ошол бошотулган салыкты кайра төлөп кала турган болуп калууда. Албетте, аталган документ толук иштелип чыгып кабыл алына элек. Ошентсе дагы азыртадан коңгуроо какпасак айрым тобокелдиктер жаралышы ыктымал. Мисалы, өлкөдө билим деңгээли төмөндөп кетти. Мамлекеттик бала бакчалар калктын муктаждыгын толук камсыздай албайт. Ошондуктан менчик билим берүү уюмдары өкмөттүн колунан келбей калган ишти аткарууда десек болот. Экинчи жагынан салыктардын көбөйүшү менчик бала бакчалардын банкрот болуп жабылып калышына алып келиши мүмкүн. Натыйжада бул жумушсуздукту көбөйтүшү ыктымал. 2016-жылы салыктан жеңилдик берилгенде 310 менчик бала бакча көмүскөдөн чыккан. Башкача айтканда, 2016-жылга чейин 60 бала бакча болсо учурда 370ке жетти. Эгерде ал жеңилдик алып салынса, кайра көмүскөгө кетип калышы ыктымал. Ошондуктан аталган жеңилдикти калтыруу зарыл", — деди Каримова.
Ошондой эле ал бала интеллектуалдык жактан жети жашка чейин өнүгөрүн белгилеп, учурда өлкөдө балдардын 13 пайызы эле бала бакчага барарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0