Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кусеинова: мыкты мугалим наамын жаш окутуучулар алганы кубандырат

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова "Жылдын мыкты мугалими – 2021" конкурсунун шарттары тууралуу айтты.
"Жылдын мыкты мугалими" конкурсу төрт этап менен жүргүзүлөт. Алгач мектеп аралык, андан соң район, облустук деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр республикалык сынакта ат салышат. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кусеинова: мыкты мугалим наамын жаш окутуучулар алганы кубандырат
Анын айтымында, быйылкы конкурста биринчиликти 28 жаштагы мугалим багындырса, экинчи орунга 24 жаштагы Лейлек районунан келген математика сабагынын окутуучусу ээ болгон.
"Жылдын мыкты мугалими республикалык конкурсу жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал төрт этаптан туруп, жыйынтыгында жети облус жана эки шаардын мугалимдери күч сынашат. Быйылкы сынакта биринчи орунду Ош облусундагы №58 кыргыз-түрк достугу мектеп-лицейинин 28 жаштагы кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу жеңип алды. Ал эми экинчи орунга Лейлек районундагы №5 мектеп-гимназиясынын 24 жаштагы математика мугалими татыктуу болду. Конкурстун жүрүшүндө үч тапшырма берилет. Алар педагогикалык тажрыйбанын презентациясы, мастер-класс жана конкурстук сабак. Үч тапшырма боюнча үч башка калыстар тобу түзүлгөн. Конкурстун жүрүшү ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында видеого тартылат. Сынактын ар бир этабына коюлган упайлардын жыйындысы жеңүүчүнү аныктайт. Мындай иш-чараларды уюштуруу мугалимдер арасында пайдалуу атаандаштыкты күчөтөт жана бири-бири менен тажрыйба алмашып, мыкты методикалардын жайылышын шарттайт", — деди Кусеинова.
Ал конкурстун негизги максаты коомчулукта мугалимдердин аброюн жогорулатууга багытталганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0