Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исмаилова: туура тамактануу изилдөөсүнө 3000ден ашык үй-бүлө катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Департамента здравоохранения Бишкека Бактыгул Исмаилова
Директор Департамента здравоохранения Бишкека Бактыгул Исмаилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова туура тамактануу боюнча масштабдуу изилдөө жүрүп жатканын айтты.
Азык-түлүк аркылуу адамдын организмине керектүү макро жана микронутриенттер кирет. Макронутриенттер — бул белок, май, углеводдор болсо, ал эми микронутриенттер: минералдык заттар, витаминдер, микроэлементер. Микронутриенттерди тамак-аш аркылуу алуу кыйын. Бул тууралуу Бактыгүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Исмаилова: туура тамактануу изилдөөсүнө 3000ден ашык үй-бүлө катышууда
Анын айтымында, акыркы ирет 2014-жылы туура тамактануу боюнча медициналык-демографиялык изилдөө жүргөн.
"Учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен эл аралык донорлор тарабынан балдар, өспүрүмдөр жана кош бойлуу аялдардын туура тамактануусу боюнча масштабдуу изилдөө жүрүп жатат. Калктын тамак-аш аркылуу канчалык деңгээлде организмге керектүү заттарды алып же албай жатканын изилдеп, кийинки кадамдарды аныктайбыз. Аталган изилдөөгө өлкөдөгү 3000ден ашык үй-бүлө катышып жатат. Биздин адистер анкета толтуртуп, сурамжылоо жүргүзүүдө. Акыркы ирет туура тамактануу боюнча медициналык-демографиялык изилдөө 2014-жылы жүргөн. Натыйжада Кыргызстандагы аз кандуулук, кыска бойлуулук, ашыкча салмактын себептери аныкталып, бул маселе 20-50 пайыз чечилген. Изилдөөнүн жыйынтыгына карап унду микроэлементтер менен байытып, йоддолгон тузду сатыкка чыгарганбыз", — деди Исмаилова.
Адис балдар, өспүрүмдөр жана кош бойлуу аялдардын туура тамактануусу боюнча масштабдуу изилдөө үч айдан соң жыйынтыкталып, ага жараша чара көрүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0