Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшенгулов: Сүлүктү — кадимки сүлүк курт мекендеген жерди түшүндүрөт

© Sputnik / Асель СыдыковаТарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Баткен облусуна караган Сүлүктү шаарынын аталышын чечмелеп берди.
Сүлүктү деп шаардын аталып калышынын себеби аймак нымдуу келип, кадимки сүлүк курт башка жактардан айырмаланып көп кездешкен. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Эшенгулов: Сүлүктү — кадимки сүлүк курт мекендеген жерди түшүндүрөт
Анын айтымында, топонимика илиминде жер-сууга жаныбарлардын аттарын ыйгаруу кадимки көрүнүш катары кабыл алынат.
"Адатта жер-сууга анын географиялык өзгөчөлүктөрү же башка аймактардан кескин айырмалап турган жагы эске алынып, аталыш ыйгарылат. Бул бардык эле улуттарда, бардык эле заманда болуп келе жаткан көрүнүш. Ошол жерде көп кездешкен өсүмдүк же жаныбардын аты менен аталып калган жерлер абдан эле көп. Ошолордун бири — Кыргызстандагы Сүлүктү шаары. Ал жер күрөң көмүрдүн кени болуп, республиканын башка аймактарына караганда нымдуу келгендиктен сүлүк курттар мекендеген. Мына ушундан улам жер Сүлүктү аталып, кийин шаарга айланган. Маанисинде "сүлүктүү" же болбосо "сүлүк курт көп жер" дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.
Ал Сүлүктү шаары Кыргызстандын эң жапыз жери экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0