Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманова: Ош, Бишкек шаарларынын макамын теңдештирүү сунушталууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЮстиция министрлигинин долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова
Юстиция министрлигинин долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Юстиция министрлигинин долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова жаңы кабыл алынган Конституция боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.
Жаңы Конституцияда Ош жана Бишкек шаарларынын статустарын теңдеп, бир мыйзам менен иштөө сунушталган. Бул тууралуу Айнура Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.
Сулайманова: Ош, Бишкек шаарларынын макамын теңдештирүү сунушталууда
Анын айтымында, буга чейин эки шаар эки башка мыйзамдын негизинде иш алып барып келген.
"Жаңы кабыл алынган Конституция ушул жылдын 5-майынан тарта күчүнө кирди. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору президенттин сайтында илинип турат. Алардын биринде Ош жана Бишкек шаарларынын макамын теңдөө каралган. Ага ылайык, эки калаа бир мыйзам алкагында иш алып барган республикалык маанидеги шаарлар болот", — деди Сулайманова.
Адис элди мыйзам долбоорлорун талкуулоого активдүү катышууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0