Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шералиев: бир жыл ичинде калкты тейлөөнүн оpen space форматына өттүк

© Sputnik / Асель СыдыковаСанариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Унаа мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча борбору жаңы форматтагы "бирдиктүү терезе" принцибинде иштээрин айтты.
Биз бир жыл ичинде калкты тейлөөнүн оpen space деп аталган жаңы форматына өттүк. Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча жаңы борборлору кыргызстандыктарга мамлекеттик кызматтарды тез жана сапаттуу көрсөтүү менен убактысын үнөмдөөгө, ошондой эле мекеменин кызматкерлерине татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Бакытбек Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шералиев: бир жыл ичинде калкты тейлөөнүн оpen space жаңы форматына өттүк
Анын айтымында, жаңы форматтагы Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча борборлору автокөлүктү каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү чөйрөсүндө кызматтардын толук спектрин алууну жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан.
"Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча борбору жарандардын муктаждыктарын аткарууда мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга багытталган. Президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында заманбап ыкмаларды колдонуу менен сапаттуу тейлөө шарттары түзүлдү. Эми кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн, автоунаа номерин алуу жана каттоо, транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн зарыл болгон бардык иштерин бир комплекстин ичинде ала алышат. Ошол эле учурда бардык процедуралар жөнөкөйлөштүрүлүп, электрондук кезек киргизилген. 2020-жылы 13-ноябрда алгачкы жаңы форматта иштеген автоунааларды тейлөө борбору Бишкекте, андан кийин Талас, Кара-Балта, Каракол жана башка жерлерде ачылды. Мында система толук автоматташтырылып, бирдиктүү тутум менен иштеп жатабыз. Мисалы, сиз Таласка барып калып, бирок каттооңуз Бишкекте болсо, ошол аймактагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнө барсаңыз болот. Мындайча айтканда бир бөлүмдөн бардык кызматты колдонсо болот. Учурда Кыргызстан боюнча 27 бөлүм бар", — деди Шералиев.
Аткаминер өлкөнүн бир нече шаарында да жаңы форматтагы автоунааларды тейлөө борбору ачыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0