Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманалиев: ишкерлерге 100 миң сомдон 800 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев
Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев "2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүктүрүү" программасы коомдук талкууда экенин белгиледи.
Беш жылдык орто мөөнөттү өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, коомдук талкуудан өтүүдө. Бул тууралуу Данияр Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Иманалиев: ишкерлерге 100 миң сомдон 800 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилет
Анын айтымында, программа президенттин жарлыктарын ишке ашыруу максатында жана мыйзамдарды жөнгө салуунун (инвентаризация) алкагында кайрадан каралууда.
"2040-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын беш жылдык бөлүгү кайрадан иштелип чыкты. Анын алкагында бизнес, социалдык тармак, билим берүү, коопсуздук жана башка багыттар боюнча талкуулар жүрүүдө. Программаны иштеп чыгууда глобалдык өзгөрүүлөр, дүйнөдөгү геосаясий абал, соода тирештери, пандемия, андан улам келип чыккан экономикалык каатчылык жана башка чакырыктар, ошондой эле божомолдонгон факторлор дагы эске алынды. Программанын биринчи бөлүгүндө кризиске каршы чаралар, коронавируска каршы эмдөө иштерин жүргүзүү, аталган илдеттен кийин жарандардын ден соолугун калыбына келтирүү, социалдык көмөктөр жана профилактика маселеси жана башка иштер мерчемделген. Мындан тышкары, экономика, билим берүү жаатындагы кыйынчылыктардын алдын алуу боюнча аракеттер көрүлөт. Мисалы, учурунда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы запастардын жетишсиздиги көйгөй жаратты. Анын алдын алуу максатында керектүү азык-түлүк жана башкаларды сатып алууга 1 миллиард 300 миллион сом бөлүндү. Ошондой эле пандемиядан жабыр тарткан ишкерликти калыбына келтирүү үчүн 6-7 миллиард сомго чейин чакан насыяларды берүү максаты коюлган. Юридикалык жактарга 800 миң сом, ал эми жеке тараптарга 100 миң сомго чейин пайызы жок берүү каралууда.  Учурда анын 125 миллион сому коммерциялык банктарга берилди", — деди Иманалиев.
Ал ишкерлерге ыңгайлуу болгудай Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыгып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0