Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калбеков: жарым жылда 20 миңден ашык жаран юридикалык жардамды акысыз алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков. Архив
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков жарым жылда 20 миңден ашык жаранга акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлгөнүн айтты.

Юридикалык жардам социалдык, саясий, экономикалык абалга жараша ар бир облуста ар башка көрсөтүлөт. Мисалы, Баткенде жарандар жер маселелери боюнча көп кайрылышат. Мындай маалыматты Акжол Калбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Калбеков: жарым жылда 20 миңден ашык жаран юридикалык жардамды акысыз алды

Анын айтымында, квалификациялуу юридикалык жардамды акысыз алууга жарандар кылмыш иштери боюнча кайрылышат.

"Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү борборлоруна бардык жарандар тиешелүү маселелери боюнча кайрылып, көйгөйлөрүн чечип алса болот. Сот, укук коргоо органдары аркылуу арыз менен кайрылып, жактоочунун кызматын акысыз алууга мүмкүн. Жарым жылда 20 миңден ашык жаранга консультациялык-укуктук жардам акысыз көрсөтүлдү. Статистиканы түзүүдө жалпылабай аймактарга бөлүп карайбыз. Мисалы, Баткен облусунда жарандар жер маселеси боюнча кайрылышат.  Жакында чек ара жаңжалына байланыштуу биздин адистер жергиликтүү тургундар менен жолугуп, юридикалык кеңеш берип, кагаз иштерине жардам беришти. Ал эми Нарында үй-бүлөлүк суроолор боюнча жардамга муктаждык бар", — деди Калбеков.

Ошондой эле адис мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы аркылуу көп жарандын маселесин тез убакытта чечүү мүмкүнчүлүгү жогору экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0