Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мадаким: "Сальвадор Дали" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Пусанда болот

© Sputnik / Табылды КадырбековСальвадор Дали" кыска метраждуу фильминин режиссёру Элдияр Мадаким
Сальвадор Дали кыска метраждуу фильминин режиссёру Элдияр Мадаким  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Сальвадор Дали" кыска метраждуу фильминин режиссёру Элдияр Мадаким картинанын дүйнөлүк премьерасы 6-15-октябрь күндөрү Пусан шаарында болорун айтты.

Тасманын "Сальвадор Дали" деп аталып калышынын себеби менин сүрөтчүлүк өнөрүмө байланыштуу. Фильм менин балалыгымды баяндайт. Кинонун аягында сүрөтчү агай баланын тарткан эмгегин Сальвадор Далинин стилине окшоштурат. Себеби сабакка барчу жолдо өтүүгө кыйын болгон көпүрө бар.  Бала ошол жерден сууга кулап, барагы суу болуп калгандан улам сүрөттүн боёгу агып, жайылып Сальвадор Далинин эмгегине окшоп калат. А бирок алгач картинага "Чоң эне" деген аталыш берген элем. Бул тууралуу Элдияр Мадаким Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Мадаким: "Сальвадор Дали" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Пусанда болот

Анын айтымында, тасма 2020-жылдын кышында Алай районундагы кичи мекенинде, чоң энеси менен жашаган үйдө тартылган.

"Сальвадор Дали" тасмасы АКШ жана Япониядагы ири кинофестивалдардын конкурстук программасына кирди. Фильм Чикагодо (АКШ) 5-14-ноябрь күндөрү өтүүчү XXXVIII эл аралык балдар кинофестивалына катышат. Ошондой эле 12-ноябрдан 5-декабрга чейин өтө турган XVI Саппоро эл аралык кыска метраждуу фильмдер фестивалында сынакта каралат. Андан тышкары Мароккодогу XXVI эл аралык кинофестивалга да катышканы турат. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 6-15-октябрь күндөрү Түштүк Кореядагы XXVI Пусан эл аралык кинофестивалында "Кең бурч" сынактык программасынын алкагында болот. "Сальвадор Дали" тасмасы менин бала чагымды баяндайт. Фильмде бийик тоолуу жерде чоң энесинин колунда өскөн баланын жашоосу чагылдырылган. Сюжет боюнча күн сайын кичинекей Орозбекке мектепке жетүү үчүн көп жерди жана дарыя аркылуу жолду басып өтүүгө туура келет. Кичинемде чоң энемдин сокмолору, түркүн түстүү шырдактары мени чыгармачылыкка үндөгөн. Сүрөтчү болом деп күндөп-түндөп аракет кылып, боёктор көп болгондуктан козу, улак, иттерди ар кандай түскө боёп жиберчүмүн. Жумасына бир жолу болчу сүрөт сабагын калтырган эмесмин. Кинодо башкы ролдорду Дамир Нурмаматов, Кеңеш Курманалиева, Аксулуу Токоева, Таалайкан Абазова жана Уланбек Султангазиев ойноду", — деди Мадаким.

Режиссёр "Сальвадор Дали" картинасын чоң энесинин элесине арнаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0