Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сырдыбаев: соңку жылдары Алтай окумуштуулары менен тыгыз иштешүүдөбүз

© Sputnik / Асель СыдыковаКУУнун чөлкөм таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Турат Сырдыбаев
КУУнун чөлкөм таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Турат Сырдыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
КУУнун чөлкөм таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Турат Сырдыбаев ушул жылдын 27-сентябрынан 30уна чейин Түркиянын Бурса шаарында алтай темасын иликтеген кезектеги илимий симпозиум өтөрүн айтты.

Соңку жылдары Россиянын Алтай аймагын ар тараптан изилдөө иштери кызуу колго алынууда. Географиялык, тарыхый, маданий, этногенетикалык иликтөөлөр күч алып, кыргыз окумуштуулары менен Алтай университетинин илимпоздору да тыгыз иш алып барып жатышат. Бул тууралуу Турат Сырдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Сырдыбаев: соңку жылдары Алтай окумуштуулары менен тыгыз иштешүүдөбүз

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл аймактарында алтайлык окумуштуулар илим-изилдөө иштерин жасап жүрүшөт.

"Россия Федерациясы соңку жылдары илимге олуттуу басым коюуда. Европага жакын аймактары ошол тараптын окумуштуулары менен иштешип жатышса, Борбор Азияга жакын тарабы, Алтай, Томск, Омск университеттеринин илимпоздору биз менен тыгыз алака түзүшүүдө. Мунун негизинде бир нече илимий конференциялар, симпозиумдар уюштурулуп, илимий иштерге студенттер да тартылып жатат. Азыркы учурда Кыргызстандын түндүк тарабын изилдеген тарыхчы, археолог, этнограф кесиптештерибиз Алтайдан келишкен. Алар Нарын, Ысык-Көл аймактарында жүрүшөт. Мындай комплекстүү илимий иштер акыркы ирет 1950-жылдары өткөрүлгөн экен. Бул окумуштуулардын келиши жарым кылымдан ашык убакыттан бери биринчи жолу болууда. Андыктан жакын арада алтай таануу же алтай изилдөө багытында бир топ бирдиктүү иштердин жыйынтыгына күбө болобуз", — деди Сырдыбаев.

Ал кыргыз тараптан аймактардагы жана борбор калаадагы ЖОЖдордо иштеген этнограф-тарыхчылар жана Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары экспедицияга кошулганын белгиледи.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0