Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү

© Sputnik / Асель СыдыковаИнвестиция министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов
Инвестиция министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Инвестиция министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов чет өлкөдөн келген акчанын көлөмү жарым жылда 95,4 пайызга өскөнүн айтты.

Быйыл сырттан кирген жалпы инвестициянын көлөмү 321 миллион 230 миң долларды түздү. Мындай маалыматты Нурлан Арипов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү

Анын айтымында, инвестициялардын көбү Кытай, Түркия, Улуу Британия, Канада, Швейцариядан келген.

"Былтыркыга салыштырмалуу, расмий статистика боюнча, чет өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү жарым жылда 95,4 пайызга өстү. Былтыр ушул алты айдын ичинде 164 миллион 370 миң доллар болгон. Инвестициялар көбүнчө Кытай, Түркия, Улуу Британия, Канада, Нидерланд жана Швейцариядан келген. Алсак, Кытайдан 101,9 миллион доллар, Түркиядан 62 жана Улуу Британиядан 32,3 миллион доллар келип түштү. МЫндан тышкары, КМШ өлкөлөрүнөн кирген инвестиция жалпы 269,9 миллионду түзгөн. Алардын ичинен Россия менен Казакстандан эң көп суммадагы инвестиция тартылган. Мамлекет башчы иш сапарларын Россия жана Казакстандан баштагандыктан, анын натыйжасы бул тармакта жакшы болууда", — деди Арипов.

Ошондой эле жетекчи сырттан келген инвестициянын эң көп бөлүгү Жалал-Абад облусуна туура келип, 138, 3 миллион долларды түзгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0