Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бактыгулов: преференциялуу система партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовНезависимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов
Независимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов шайлоонун жыйынтыгы ар бир жарандын жоопкерчилигинен көз каранды экенин белгиледи.

Преференциялуу шайлоо системасы партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт. Анткени алар партиялаш эмес, атаандаш болуп калат. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бактыгулов: преференциялуу система партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт

Анын айтымында, мындан улам депутат болууга үмүттөнгөндөрдүн ортосунда маалыматтык согуш күч алышы ыктымал.

"Преференциялуу шайлоо системасы партия ичиндеги интриганын күч алышына шарт түзөт. Анткени партиянын ичиндеги 54 талапкер кесиптеш эмес, бири-бири менен атаандаш. Саясий партия аркылуу аттанып жатканы үчүн каражатты азыраак коротот. Себеби бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болгондор өз чөнтөгүнөн акча чыгарышат. Ал эми партиядан аттанганда жалпы каражаттан төлөнөт. Бул жагынан алганда партиянын ичинен бир-эки кишинин гана электораты бар болсо, калгандары добуш үчүн күрөшүшү керек. Мисалы, үч талапкер өз аймактарынан беш миңден добуш алып келсе, кимисине мандат бериле турганы кантип чечилет? Ушундайлардан 20 адам болсочу? Албетте, бири-бирин коркутуп, каражат берип интрига жүргүзүш керек болот. Мына ушул жагдайлар толугу менен чечилген эмес. Ошондуктан алдыда келе жаткан шайлоодо партиялар арасында, ошондой эле партиянын ичинде дагы маалыматтык согуш күч алат", — деди Бактыгулов.

Саясат таануучу көптөр шайлоого катышпаганы үчүн сабатсыз депутаттар шайланып жатканын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

Жаңылыктар түрмөгү
0