Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карачалов: декреттик өргүү убактысы бүткөн күнү жумушка чыгуу укугу бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовПредседатель профсоюза строителей и промышленных стройматериалов Кыргызстана Эльдияр Карачалов
Председатель профсоюза строителей и промышленных стройматериалов Кыргызстана Эльдияр Карачалов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Кыргызстан курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов декреттик өргүүдөн чыккан ата-энелердин укук, милдеттери тууралуу айтып берди.

Балалуу болгондугуна байланыштуу убактылуу иштен кеткен жарандар белгиленген убакыт аяктаган күндөн тартып ишке чыга алат. Бул тууралуу билдирүүнү Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Карачалов: декреттик өргүү убактысы бүткөн күнү жумушка чыгуу укугу бар

Анын айтымында, өлкөдө бул эмгек нормасы анчейин сактала бербейт.

"Кыргызстандын Эмгек кодексинде декреттик өргүүгө чыккан ата-эне мөөнөтү аяктаган соң мынча убакыттын ичинде ишке чыгышы керек деп так убактысы көрсөтүлгөн эмес. Андыктан декрети бүткөн күндөн тартып эгер узартууну каалабаса кызматын аркалай берсе болот. Жумушуна кайра кайтып келүү үчүн арызын жазып, анын көчүрмөсүн өзүнө калтырат. Кызматкер ошол күндөн тарта, ашып кетсе эртеси ишке чыкты деп эсептелип, декреттик өргүүсү токтотулат. Анын ордуна алынган кызматкер менен түзүлгөн келишим автоматтык түрдө күчүн жоготот. Тилекке каршы, бизде иш берүүчүлөр декреттен чыккан энелердин укугун тебелеп, күттүрүп койгон учурлар көп кездешет", — деди Карачалов.

Ал ошондой эле декреттик өргүүдөн колдонуу же андан баш тартуу ар бир кызматкердин жеке укугу экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0