Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Манасчы: соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда

© Sputnik / Асель Сыдыкова Известный манасчи Доолот Сыдыков
 Известный манасчи Доолот Сыдыков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков семетейчилердин алгачкы сынагынын "Манас" эпосун жайылтуу үчүн мааниси чоң экендигин белгиледи.

Семетейчилердин сынагынын өтүшү жаңы "Семетей", "Сейтек" айтуучулардын чыгышына себепкер болушу ыктымал. Анткени соңку убакта көбүнчө "Манас" айтылып, "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Манасчы: соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда

Анын айтымында, 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VI фестивалынын алкагында өтүп жаткан семетейчилердин алгачкы сынагынын мааниси чоң.

"Фестивалга келген окумуштуулар "Манас" дастаны тууралуу маалымат алып, жок дегенде бир макала жазса дагы пайда. Учурда "Манас" эпосу кайсы бир деңгээлде изилденүүдө. Бирок эми гана изилденип баштагандай түр калтырууда. Мисалы, классикалык деп саналган Саякбай Каралаев менен Сагынбай Орозбаковдун варианттары дагы толук кандуу изилденип бүтө элек. Анан фестивалдын алкагында өткөн сынак атайын семетейчилер үчүн болгону дагы жакшы жөрөлгө. Чоң манасчыларыбыз өзүн семетейчи катары эсептеген. Анын үстүнө соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калды. Ошондуктан сынак манасчылыкта жаңы айтып келе жаткандарга шык берет, анткени манасчы айткан сайын такшалат эмеспи", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал дүйнөдөгү эпостордун ичинен "Манас" ооздон-оозго айтылып келе жаткан жалгыз жандуу дастан экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0