Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "жыга" сөзү хандын баш кийимин же куштун таажысын түшүндүрөт

© Sputnik / Асель СыдыковаКөйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

"Манас" баянында кездешкен "жыга" деген сөздүн бир нече мааниси бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жыга" сөзү хандын баш кийимин же куштун таажысын түшүндүрөт

Анын айтымында, аталган сөз эпостогу саптарда ар кандай учурларда кездешет.

"Эпосто "жыга" деген көөнө сөз кездешет. Анын биринчи мааниси мансаптык белгини түшүндүрөт. Башкача айтканда, хандын атайын баш кийими же болбосо ага тагылуучу асыл таш, куштун канаты дегенди билдирет. Дагы бир маанисинде аялдардын кооздолгон баш кийими же болбосо ага тагылган куштун канаты. Мындан тышкары, мөөргө тагылган белги, эн тамга катары сыпатталат. Ошондой эле куштун чокусундагы таажыны дагы "жыга" деп айткан учурлар кездешет", — деди Талантбеков.

Манасчы "жыга" сөзүн азыр дагы күнүмдүк турмушта колдонууга мүмкүндүктөр бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0