Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманалиев: Бишкекте ыш көйгөйүн чечүү үчүн электромобилдерге өтүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев. Архив
Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев Кыргызстанда электромобилдердин санын көбөйтүү негизги муктаждык экенин айтты.

Экологияга зыян келтирбөө максатында күйүүчү май менен иштеген унаалардын санын кыскартып, акырындык менен электромобилдерге өтүү зарыл. Мындай пикирин Данияр Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Иманалиев: Бишкекте ыш көйгөйүн чечүү үчүн электромобилдерге өтүү керек

Анын айтымында, мында электромобилдердин батареяларын утилизациялоо боюнча да маселени кароо керек.

"Учурда электромобилдерди чет өлкөдөн киргизүү жана алардын санын көбөйтүү негизги муктаждык болуп эсептелет. Жалпы дүйнөлүк абалды карай турган болсок, СО2 газынын бөлүп чыгаруу деңгээли башка мамлекеттерге салыштырмалуу аз. Анткени салыштырмалуу оор техниканы колдонгон ири өндүрүштүк ишканалар жокко эсе. Ал эми энергетика, айыл чарба тармактарында күйүүчү майды көп сарптаган унаалар бар. Акыркы жылдары машинанын саны кескин өскөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарында кара түтүнгө да күбө боло баштадык. Бул маселени чечүү максатында күйүүчү майлар менен иштеген унаалардын санын кыскартып, акырындык менен электромобилдерге өтүү зарылдыгы бар", — деди Иманалиев.

Ошондой эле адис мамлекеттик таксопарктарды электромобилдерге өткөрүү боюнча өкмөт сунуштарды даярдап жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0