Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Уметалиев: D Billions ырлар аркылуу балага бир нерсе үйрөтүүнү көздөйт

© Sputnik / Асель СыдыковаМузыкалык продюсер, ыр жазуучу, үн режиссёру, D Billions Kid Songs долбоорунун жетекчиси Эрнис Уметалиев
Музыкалык продюсер, ыр жазуучу, үн режиссёру, D Billions Kid Songs долбоорунун жетекчиси Эрнис Уметалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Музыкалык продюсер, ыр жазуучу, үн режиссёру, D Billions Kid Songs долбоорунун жетекчиси Эрнис Уметалиев балдар каналы 2019-жылдын 27-июлунда катталганын айтты.

D Billions Kid Songs контенти алты жашка чейинки балдарга арналган. Аткаруучулардын квартети Чача, Бум-Бум, Чики, Ля-Ля орус, англис, испан жана башка тилдерде балдарга санаганды, тамганы, ар кайсы предметтердин аталышын, ата-энени, табиятты жакшы көргөндү, дегеле эмне жакшы, эмне жаман экенин үйрөтөт. Бул тууралуу Эрнис Уметалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Уметалиев: D Billions ырлар аркылуу балага бир нерсе үйрөтүүнү көздөйт

Анын айтымында, балдар контентин жасоого 30дай адам катышат.

"15 жылдан бери шоу-бизнес тармагында иштеп келем. Кыргызстандын аудиториясына чоң долбоорлорду ачуу, аны иштетүү өтө оор. Кыргызстанда шоу-бизнес жок, той-бизнес бар. Чыныгы чыгармачыл адам бул тармакта бирөө кыйнап жаткандай эле иштейт. Ошондуктан чоңураак долбоорго өтүүнү чечтим. 4-5 жыл досторум Youtube каналдарын иштетти. Биз да алгач анимациялык мультфильмдерди жасап көрдүк. Ушул өңдүү 2-3 каналыбыз бар эле. Балдар контентинин талаптары өзгөрүп, алардын баарынын монетизациясы өчтү. Андан ары иш алып баруу оор болуп калды. Ошентип автордук долбоор баштап калдык. Негизи балдар ырын жазуу өтө оор. Баланын психологиясын, кызыгуусун, алардын тилине ылайыктуу текст, музыка жазууну үйрөнүп, анализдеп, изилдеп чыктык. D Billions каналы балдарды деградациялап жатат деген комментарийлерди окуп калам. Бирок азыр Кытай, Европа мамлекеттеринен иштешүү сунуштарын алып жатам. Алар "силердин ырларыңар менен англис тилинде балдарды ырдоого үйрөтүү оңой, биздин окутуу программага роликтериңерди киргизсек уруксатпы" деп сурашат. Азыр биздин ырларды уурдагандар көбөйдү. Youtube аны cover деп кабыл ала берет. Ошондуктан роликтердин сөзүн, обондорун жарым жылдан бери Америкадагы компания каттоодон өткөрүп жатат", — деди Уметалиев.

Продюсер жакында атасы, апасы, чоң ата, чоң энесинин ролундагы персонаждар кошуларын айтып, келечекте D Billions дүйнөсүн куруу ою бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0