Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сманова: Россиядагы кыргыздар мыйзамды сактаса көйгөй жаралбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель кыргызской диаспоры "Биримдик" в Тюмени Канзада Сманова
Председатель кыргызской диаспоры Биримдик в Тюмени Канзада Сманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Тюмень шаарындагы "Биримдик" кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова Россияга иштеп келүүгө барардан мурун эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Мурда биз айылдан шаарга келип, калаанын маданиятына акырындап көнчү элек. Азыр жаштар түз эле Москва сыяктуу мегополистерге, бөтөн өлкөлөргө эмгек мигранты болуп кетип жатышат. Мындай учурда көп кыйынчылыктарга туш болушат. Бул тууралуу Канзада Сманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.

Сманова: Россиядагы кыргыздар мыйзамды сактаса көйгөй жаралбайт

Анын айтымында, көптөгөн эмгек мигранттары Россияда тил билбегендиктен өз укугун коргой албай кыйналышууда.

"Ата-энелер балдарын Россияга жиберерден мурда кандайдыр бир билим берүүгө ашыкса. Жок дегенде кыска мөөнөттүү курстарды аяктап, андан соң барса иш табууга өздөрүнө эле жеңил болот. Мындан сырткары, көп аймактардан барган жаштарыбыз орус тилин билбей кыйналышат. Мунун кесепетинен укугун коргой албай, мыйзамдагы талаптарды аткарууда мүчүлүштүк кетиришет. Ал эми кээ бир жарандарыбыз баарын мыкты түшүнүп туруп деле кенебестик кылып мыйзам бузушат. Андыктан башка мамлекетке эмгек мигранты болуп баратканда бир аз даярдыктан өтүп алуу зарыл. Ал жактын коомдук маданиятын, мыйзамдарын, тилин өздөштүрүш керек. Мисалы, азыр ар кандай административдик айыптарга жыгылып, кенебей жүрө берип кара тизмеге түшкөн жарандар көп. РФтин мыйзамы боюнча эгер эки мыйзам бузуу катталса эле бул тизмеге кирип калат. Бирок пандемиядан улам Россия президенти Владимир Путин кыргызстандык эмгек мигранттарына жеңилдик берген. Тактап айтканда, ушундай административдик айыбы барлар же укук коргоо органдары тарабынан өлкөдөн чыгып кетүү боюнча эскертүү алгандар өз ыктыяры менен ушул жылдын 30-сентябрына чейин Россиядан кетүүсү зарыл. Кетип, кайра мыйзамдуу жол менен келсе да болот. Ошондо кара тизмеге түшпөйт. Бирок биздин мекендештерибиздин арасынан муну билип туруп деле бир аз акчага кызыгып, мөөнөтүн өткөрүп жибергендери да кездешет", — деди Сманова.

Ал Россияда башка өлкө жарандарына салыштырмалуу кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн бир топ мыйзамдык жеңилдетүүлөр бар экенин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

Жаңылыктар түрмөгү
0