Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надырбеков: триатлон боюнча КРде өтчү Азия чемпионатына 20дай өлкө катышат

© Sputnik / Асель СыдыковаТриатлон федерациясынын вице-президенти Айбек Надырбеков
Триатлон федерациясынын вице-президенти Айбек Надырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Триатлон федерациясынын вице-президенти Айбек Надырбеков триатлон боюнча Азия чемпионатына кесипкөйлөр арасында 20дай өлкөнүн триатлеттери катышарын айтты.

17-19-сентябрда Ысык-Көлдө өтчү мелдешке ышкыбоздор арасында 300гө жакын катышуучу келет. Мындай маалыматты Айбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Надырбеков: триатлон боюнча КРде өтчү Азия чемпионатына 20дай өлкө катышат

Анын айтымында, триатлон боюнча Азия чемпионаты рейтингдик турнир болгондуктан атаандаштык курч мүнөздө өтөт.

"Триатлон боюнча Азия чемпионаты быйыл Кыргызстанда биринчи жолу болот. Буга чейин 2018-2019-жылдары Азиянын кубогу үчүн мелдеш уюштурулган. Масштабы жана статусу жагынан жогору болгондуктан ири спорттук турнирге кызуу даярдандык. Мелдешти жакшы өткөрүп алсак, кийин балким дүйнө кубогун, дүйнө чемпионатын биздин өлкөдө өткөрүп калышыбыз ыктымал. Андыктан мойнубузда чоң жоопкерчилик турат. Триатлон боюнча Азия ассоциациясында 25тен көп өлкө бар. Бирок пандемияга байланыштуу андан азыраак келиши күтүлүүдө. Кесипкөйлөр арасында 20га жакын өлкөдөн спортчулар күч сынашса, ышкыбоздор арасында 200дөн ашык атлет чемпиондук үчүн аракет кылат", — деди Надырбеков.

Ошондой эле спортчу мелдештин талабына ылайык, турнир өтүүчү жерде жолдор убактылуу жабылып, коопсуздук жогорку деңгээлде көзөмөлдөнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0