Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаев: глобалдашуу заманында үй-бүлө куруунун мааниси өзгөрдү

© Sputnik / Асель СыдыковаПсихолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев глобалдашуу заманында үй-бүлө куруунун мааниси өзгөргөнүн айтты.

Азыртадан туура жар тандоо маселесин көтөрбөсөк ажырашуулар көп болот. Үй-бүлө куруунун маанилүүлүгүн айтпасак жалгыз бой жүргөн адамдар арбыйт. Ошону менен бирге жалгыз бой аялдын колунда чоңойгон балада же ата-энеси узак убакыт бою эмгек миграциясында жүргөндөрдө кийин үй-бүлө курууда же кайра эле балдарына тарбия берүүдө маселе жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мурзаев: глобалдашуу заманында үй-бүлө куруунун мааниси өзгөрдү

Анын айтымында, глобалдашуу заманындагы жалгыз бой аялдар, кеч турмуш куруу, ажырашуунун көбөйгөнү улуттук өсүп-өнүгүүгө, көбөйүүсүнө терс таасир этет.

"Адамзаттын жашоосунда үй-бүлөнүн мааниси зор. Биз бир үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келип, кайра өзүбүздүн уябызды куруп, муун уланып келет. Көчмөндүк турмушта үй-бүлөдө аял, эркек дебей жоого каршы туруп, ынтымактуу болушкан. Үй-бүлөнүн бекемдиги уруунун, элдин сакталышынын негизи болгон. Байыртадан кыргыздар үй-бүлө курууга өтө олуттуу мамиле жасап келген. Ата-энелер кыздын же жигиттин жети атасына чейин сурап, оорулуу, жаман пейилдүүлөр бар-жогун изилдеп, анан маселе чечилген. Кийин совет доорунда жаңы баалуулуктар пайда болду. Аны менен бирге марксизм, лениндик идеологиялар келди... Сүйүшүп, той берип үйлөнүү, ошону менен бирге тааныбаган эле кызды ала качуу маселеси пайда болду. Ушул жерде сүйүү үй-бүлө куруудагы негизги критерий катары биринчи орунга чыкты. Бул жерде европалыктар менен кыргыздардын сүйүү боюнча түшүнүгү эки башка. Европада бул эркек-аялдын жакындашуусу болсо, кыргызда бул адамдык улуу мамиле. Бизде европалыктарча сүйүшкөндөр көбөйүп, үйлөнгөндөн кийин сезимдер муздап ажырашкандар арбыды", — деди Мурзаев.

Психолог азыркы глобалдашуу мезгилинде ар кандай мамлекеттердин маданиятынын таасири кыргыздардын үй-бүлө куруу түшүнүгүнө чоң сокку уруп жатат деген пикирин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0