Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акенеев: кубаттоочу станция жок болгондуктан электромобилге кызыгуу аз

© Sputnik / Эркин СадыковКомпания жетекчиси Азамат Акенеев
Компания жетекчиси Азамат Акенеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Компания жетекчиси Азамат Акенеев 2019-жылдан бери электромобилдердин саны он эсе өскөнүн айтты.

Өлкөбүздө электр транспортту көбөйтүү максатында электромобилдердин экологияга таасирин карап, аны алып келүү үчүн мамлекет, жеке ишкерлер тарабынан эмне жасалышы керектигине байкоо жасадык. Бизде учурда бир миллионго жакын унаа бар. Алар экологияга 104 миллион зыяндуу, ууландыруучу заттарды бөлөт. Андыктан электромобилдерге өтүү биз үчүн маанилүү. Бул тууралуу "СмартЭнерджи" компаниясынын жетекчиси Азамат Акенеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Акенеев: кубаттоочу станция жок болгондуктан электромобилге кызыгуу аз

Анын айтымында, өлкө аймагында кубаттоочу станция жок болгондуктан калк электромобилдерге кызыкпай жатат.

"Өлкөдө 2019-жылы 24 гана электромобиль болсо, унаалар нөл тарифи менен киргизиле баштагандан тартып азыр электрокардын саны 200гө жетти. Ушундай темп менен кете берсе, биздин эсеп боюнча 2030-жылы 10 миңге жетет деген божомол бар. Эгерде унаа кубаттоочу станцияларды куруп, инфраструктуралык өзгөртүүлөрдү киргизсек, мамлекет электромобилдерди алып келүүгө шарт түзүп берсе, анда мындан да жакшы көрсөткүчкө жетебиз. Электромобилдердин жаратылышка терс таасири жок. Бирок аккумулятору жарактан чыкканда зыяндуу заттар чыга баштайт. Азыркы учурда Германия, Кытай өңдүү өнүккөн өлкөлөрдө аны кайра иштетүү жайлары бар. Бизде электромобилдер анча көп санда болбогондон кийин жарактан чыккан аккумуляторду Кытайга чыгарууну сунуштайбыз. Бул эми жакын арада ишке ашчу маселе эмес. Ага чейин электромобилдерди өлкө ичинде жайылтууга көңүл бөлүү керек. Эксплуатация (ремонт, ток) жагынан карасак ошол эле Toyota Camry жылына орточо 180 миң сом сарптайт. Ал эми Nissan LEAF болсо амортизациясын эске албаганда кубаттаганга 10 миң сом гана талап кылат. Мындайча айтканда, унаа өзүнүн баасын актайт. Азыр бизге Nissan LEAF, BYD, Honda электромобилдери алып келинүүдө", — деди Акенеев.

Адис Кыргызстанга көбүнчө колдонулган электромобилдер алып келинип жатканын айтып, жаңы унаалардын келишине шарт түзүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0